Кечээ, 20-август күнү Ош шаарындагы Туран кичи районунда Күренкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 9, 8 жаштагы 2 жаш бала чөгүп кеткен.
Бүгүн, 21-август күнү издөө иш-чараларынын натыйжасында 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Учурда экинчи баланы издөө иш-чаралары уланууда,- деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.