Жаңылыктар
Аралыктан билим берүү үчүн телесабактарга тартылган мугалимдер окуудан өтүшүүдө
Билим
Аралыктан билим берүү үчүн телесабактарга тартылган мугалимдер окуудан өтүшүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги семинар-тренингин өткөрдү. Бул сапар окутуу аралыктан окутуу боюнча координаторлор тарабынан тарых, адам жана коом, математика сабагынын мугалимдерине уюштурулду. Бул тууралуу Билим  берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Катышуучуларга сапаттуу видеосабакты даярдоо, тартуу тууралуу усулдук сунуштар, кеңештер берилди. Ар бир мугалим талкууга жандуу катышып, кызыккан суроолоруна жооп алды. Буга чейин тартылып даярдалган сабактар көрсөтүлүп, анализ жүргүзүлдү.

Телесабактарга тандалып алынган 260дан ашуун мугалим тартылып жатат. “Санарип мугалим” бир айлыгынан алкагында аларга семинар-тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Буга чейин география, кыргыз тил мугалимдери окутуудан өттү.