Жаңылыктар
ИИМ: баңгизаттарды ташуу менен алектенгендер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: баңгизаттарды ташуу менен алектенгендер кармалды

Баңгизаттарды ташуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкекке ири өлчөмдөгү баңги заттарын ташып киргизүү жана атайын жабдууланган цехте өстүрүү менен алектенген канал аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кызматтын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.