Жаңылыктар
Быйыл мектепке даярдыктын баасы канча? "Ала-Тоо24түн" материалында кеңири айтылат
Билим
Быйыл мектепке даярдыктын баасы канча? "Ала-Тоо24түн" материалында кеңири айтылат

Пандемияга байланыштуу жаңы окуу жылында мектеп коңгуроосу биринчи класстар үчүн гана кагылат. Жугуштуу тумоого байланыштуу сентябрь айынан 1-класстын босогосун аттаган окуучулар гана мектепте билим алып, калган класстардын окуучулары эпидемиологиялык абал жакшыргыча аралыктан окушат. Бул шартты бекемдеген алгоритмди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган. Мындан улам учурда мектеп босогосун аттай турган окуучулардын ата-энелери балдарын мектепке даярдоо менен көбүрөөк алек. Быйыл мектепке даярдыктын баасы канча?