Баш калаада «Мекенчил» саясий партиясынын съезди өтүп, 3 маселе каралды. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен партиянын аз сандагы гана мүчөлөрү чогулду.
Съезде каралган 3 маселе:
- партиянын саясий кеңешин бекитүү;
- кандидаттардын тизмесин бекитүү;
- партиянын программасын бекитүү.
Тизмеге Камчыбек Ташиев, Жылдызкан Жолдошева, Равшан Сабиров, Курманкул Зулушев, Сабыр Жапаров (Садыр Жапаровдун бир тууганы), экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев ж.б.
Кошумчалай кетсек, К.Ташиев "Ата-Журт" партиясынын атынан эмес, Садыр Жапаров үчүн "Мекенчил" партиясынан шайлоого аттанып жатканын билдирген. Бул партия 2010-жылы июнь айында Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров биргеликте түзгөн.