Жаңылыктар
Ооруканалар өз профилине ылайык иштей башташты
Ден соолук
Ооруканалар өз профилине ылайык иштей башташты

Өлкөдө дээрлик бардык ооруканалар өз профилине ылайык иштей башташты. Бул тууралуу 21-августта КТРКнын эфиринде стационардык жана атайын медициналык жардам бөлүмүнүн башкы адиси Гуласыл Сутуева билдирди.

«Ооруканаларда бейтаптар дарыланып жаткан атайын жугуштуу керебеттер бар. Өлкөдө эч кандай коронавирус катталбагандыгы жарыяланмайынча, биз эс албайбыз ", - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус оорусунун туу чокусу катталган учурда 4 миң керебет орнотулган.