Жаңылыктар
Кыргызстанда 19 өрт кырсыгы катталды
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстанда 19 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 21-августта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жана Нарын облусунда ар биринен 1 өрт, Жалал-Абад облусунан 7 өрт, Чүй облусунан 4 өрт, Ош, Талас жана Баткен облустарынан 2 өрт катталды.

Бишкекте, Кара-Жыгач конушунда, 600 чарчы метр аянттагы куураган чөп күйүп кетти.

Аламүдүн районунун Байтик айылында көрүстөндүн аймагында куураган чөп күйүп кетти. Күйүүнүн аянты 5 гектарды түздү.

Ош шаарында Daewoo Matiz унаасы толугу менен күйүп кетти.

Сузак районунун Сузак айылында эки кабаттуу сарайдын чатыры күйүп кетти. Күйүү аянты - 108 чарчы метр. Жалгыз-Жаңгак айылында 40 чарчы метр аянттагы ашкананын чатырын өрт кырсыгына кабылды.

Учурда окуянын чоо-жайы такталуда.