Жаңылыктар
Бишкек: 30-августта веложүрүш болот
Спорт
Бишкек: 30-августта веложүрүш болот

30-августта эртең мененки саат 9да веложүрүш болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы  билдирди.

Иш-чаранын башталышы жаңы "Адинай" паркынын түндүк тарабынан башталып, Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы "Орто-сай" айылына чейин уланат. Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнөн  баштапкы жерге кайтат. Айланма жолдун узундугу 10 чакырымды түзөт.

Велосипед тилкесинин ичинде 1,5-2 метр аралык байкалат, велосипедчилерди үч МАИ унаасы жана бир тез жардам унаасы коштойт.

Бир тарапта жүрүүчү бөлүк унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай чектелет, жол велосипед тилкесинен өткөндөн кийин дароо ачылат.

Велосипедчилер шлемди жана башка коргоочу шаймандарды кийиши керек, аларсыз жүрүү бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле,  алардан беткап кийип, антисептиктерди кабыл алууну өтүндү. Жолугушуу жери - М.Гшлиссера көчөсү, Адинай паркынын түндүк тарабында унаа токтотуучу жай.