Жаңылыктар
Буудай арбын жыйналды. Токчулуктун белгиси
Айыл чарба
Буудай арбын жыйналды. Токчулуктун белгиси

2020-жылы буудайдын күтүлгөн дүң жыйымы 680 миң тонна болот. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Адистердин айтымында, республика жыл сайын 350-400 миң тонна көлөмүндө буудай ташып келет.

Министрлик белгилегендей, быйыл республика боюнча картошка 76,3 миң га аянтка отургузулган жана болжолдонгон дүң түшүм 1 млн 320 миң тонна болот. "Ички азык-түлүк рыногун өзүбүздүн өндүрүш камсыз кылат, ошондой эле картошканы экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", - деп белгилейт Айыл чарба министрлиги.