Жаңылыктар
Өкмөт башчы жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды - Кыргызстан жаңылыктары

Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. 

Өкмөт башчы аймактагы социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларды куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышууда. 

Ошондой эле Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу менен Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түзөө иштери менен таанышат.