Жаңылыктар
Кадыр Маликов Муфтийдин орун басары болуп дайындалды
Дин
Кадыр Маликов Муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Кадыр Маликов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды.

Маликов Кадыр Курманбекович 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.