Жаңылыктар
Түркиядагы кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтары топтолот
Шайлоо 2023
Түркиядагы кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтары топтолот

Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жана мобилизациялоо үчүн мобилдик топ Түркияга барат. Бул тууралуу 21-августта Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин билдирүүсүндө айтылат.

Бул Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштуруу ишинин алкагында жасалат.

Мобилдик топтун курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет.

Жолугушуулар Бурсада - 22-август, Измирде - 23-август, Бодрумда - 24-август, Анталияда - 25 август, Анкарада - 26 август жана Стамбулда - 27 жана 28 август күндөрү өтөт.