4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн утурлай ачык жана таза шайлоону камсыздоо, анын ичинде шайлоо фондун массалык маалымат каражаттарында ачык чагылдырууну талкуулаган иш чара өттү.
Ага Борбордук шайлоо комиссиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Күн тартибине коюлган маселе шайлоого даярдык ишинде саясий партиялардын шайлоо фондун ММКларда ачык-айкын чагылдыруу.
Уюштуруучулардын айтымында шайлоого кеткен каражаттын ачык көрсөтүлүшү жарандардын аң сезимдүү тандоосуна түздөн түз таасир этет. Андыктан ар бир партия шайлоо фондун, жумшалган акчанын багытын жана суммасын ачык көрсөтүшү керек.