Үч саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты. Алар “Улуу Журт”, “ Ак калпак”, “ Кут” саясий уюмдары экендиги белгилүү болду.
Жалпысынан бүгүнкү күндө 14 партия арыздарын кайра артка алышты.
Эске салсак, 24-август саат 18.00гө чейин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга документтерди тапшырышы керек. 10 күндүн ичинде берилген маалыматтар текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.