Жаңылыктар
Ошко Москвадан Кыргызстандын 191 жараны учуп келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ошко Москвадан Кыргызстандын 191 жараны учуп келди

Бүгүн, 21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн.

Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан жарандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар кирген.