Жаңылыктар
ЖОЖго канча абитуриент өттү?
Билим
ЖОЖго канча абитуриент өттү?

Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен медициналык багытта билим алуучулар үчүн кошумча бюджеттик орундар бөлүндү. Токтом пандемия шартындагы медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынды. Ал эми Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларынан билим алуу үчүн жалпы 5 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. 

Быйыл Жогорку окуу жайларга өтүү боюнча 4 турдун жыйынтыгы менен гранттык орундарга 5 миң 12 абитуриент кабыл алынды. Андан тышкары 18 миң 87 абитуриент ЖОЖдордо акы төлөп, келишим боюнча окушат.