Жаңылыктар
Учурда Ош шаарында кайгуул кызматына иштегиси келген талапкерлерди тандап алуу жүрүүдө
Аймак
Учурда Ош шаарында кайгуул кызматына иштегиси келген талапкерлерди тандап алуу жүрүүдө

Учурда Ош шаарында кайгуул кызматына иштегиси келген талапкерлерди тандап алуу жүрүүдө. Алар тандалып алынгандан кийин тиешелүү окуудан өтүп, андан кийин ишке киришет. Ош шаарында ишин баштай турган милициянын кайгуул кызматынын Бишкек шаарындагыдай эле эки милдети болот: жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти кароо. 

Өткөн жылдан тартып баш калаада иштей баштаган милициянын кайгуул кызматы жакында экинчи борбордо да ишин баштайт. Учурда кызматкерлерди тандап алуу процесси жүрүүдө. Баштагыдай эле жарандык коомдон жана күч түзүмдөрүндө иштеген тартип сакчылары да катыша алат. Тандап алууну атайын комиссия ишке ашырууда.