Жаңылыктар
Таласта узундугу бир жарым чакырым созулган көчөгө жаңы асфальт басылды
Аймак
Таласта узундугу бир жарым чакырым созулган көчөгө жаңы асфальт басылды

“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында быйыл дагы шаар жана райондорду алганда, жалпы 153 чакырымга созулган ички жолдорду куруу каралган. Ушул күндө жолчулар алдыга коюлган пландын теңинен көбүн аткарып, суук түшкүчө калган иштерди толук аяктайбыз деп турат. 

Талас шаарынын борборунда узундугу бир жарым чакырым созулган көчөгө жаңы асфальт басылды. Жолчулар эски жолду сыйрып, тазалап, кайра даярдап чыгып бир нече күндүн ичинде асфальт төшөп, ишти бүгүн аяктады.