Жаңылыктар
Ак-Буура дарыясынын жээги иретке келет
Аймак
Ак-Буура дарыясынын жээги иретке келет

Пандемияга каршы күрөшүү менен кошо аймактарды өнүктүрүү аракети унутта калган жок. Ошто баасы 251 млн сомду түзгөн ири долбоордун курулушу башталды. Жергиликтүү бийлик "Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоору" вирус менен күрөшүүгө кедергисин тийгизбей турганын белгилейт. Ушул тапта, аталган калаада, республикалык бюджеттин эсебинен 10дон ашык социалдык объектинин курулушу жүрүүдө.