Жаңылыктар
Элетти өргө тартчу ишкана. "Ат-Башы сүт" заводунун иши
Аймак
Элетти өргө тартчу ишкана. "Ат-Башы сүт" заводунун иши

"Ат-Башы сүт" заводу ишин мындан да өнүктүрүүгө бел байлап, жалпы наркы кырк миллион сомго эсептелген асыл тукум уйларды асыроочу мал чарба комплексин куруп жатат. Аларга аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусу аталган сумманы насыя катары берип, мындан тышкары дагы ЮСАИДдин колдоосу менен 110 миң доллар алышкан. Учурда курулуштун иши кызып, келерки жылы пайдаланууга берилгени турат.