Жаңылыктар
Жалал-Абадда шалыны оруп-жыйноо башталды
Аймак
 Жалал-Абадда шалыны оруп-жыйноо башталды

Жалал-Абад облусунда шалы оруп-жыйноо иштери башталды. Ушул тапта дыйкандар талаадан жыйнап алган түшүмүн кырманга ташып чыгып, кургатып, тазалоодон өткөрүшүүдө. Соңку жылдары облуста күрүч аянты да көбөйгөн. Быйыл 5 миң гектардан ашуун аянтка күрүч өстүрүлгөн. 

Максатбек Ташматов жыл сайын 70 сотых жерине шалы айдайт. Эки жылдан бери “алаңга” сортун өстүрүп баштаган. Дыйкандын айтымында, күрүчтүн бул сорту түшүмүн эрте берип, 120 күн ичинде даяр болот. Башка сортторго салыштырмалуу түшүмдүүлүгү жогору болуп, базарда өтүмдүүлүгү да жакшы.