Жаңылыктар
Жаңы марка чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы марка чыкты

"Кыргыз маркасы" ишканасы 21-августтан тарта Кыргыз Республикасынын Баатырлары сериясынын алкагында "Күлийпа Кондучалова" аталышындагы маркаларды жүгүртүүгө киргизди. Бул аталыштагы маркалар кыргыздын чыгаан кызынын 100 жылдыгын белгилөөгө арналган. "Кыргыз маркасы" ишканасы 2005-жылдан тарта өлкөнүн маданиятына, искусствосуна жана башка тармактарга чоң салым кошкон тарыхый инсандардын урматына "Кыргыз Республикасынын баатырлары" сериясындагы маркаларды чыгарып келет.