Жаңылыктар
Парламенттик шайлоо тууралуу С.Жээнбеков пикирин билдирди
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоо тууралуу С.Жээнбеков пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

— Covid-19 менен бирге коомчулукта талкууланып жаткан сөз — алдыдагы парламенттик шайлоо. Партиялар съезддерин өткөрүштү. Жаңы саясий сезон башталды десек болот, мындан ары бул багытта божомол, кептер күчөйт. Ар кандай талкуулар болуп жатат. Адилеттүү саясий атаандаштык камсыз болооруна кепилдик барбы, айтылып жүргөн административдик ресурс бийликке көлөкө түшүрбөйбү?

— Мындай сөздөр болот, болбой койбойт, болуп келген.

Азыр саясий атаандаштык абдан курч, муну баарыбыз көрүп турабыз.

Азыр 40тан ашык партия шайлоого катышуу ниетин билдирди. Көпчүлүгүнүн съезддери өттү.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына ылайык, бир топ иштер аткарылат. Анын өзүнүн милдеттери бар.

Мен буга чейин Президенттен талап кылынган ченемдерди аткардым.

Шайлоого даярдыкты эки жарым жыл мурун эле баштаганбыз. Ар кандай мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселелери боюнча Президенттик Аппараттан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңеш депутаттарынан, коомчулуктан, граждандык коомдун өкүлдөрүнөн атайын жумушчу топ түзүп, бул боюнча абдан узак иш жүрдү.

Ошол мыйзамга ылайык шайлоо эрежелери шайлоого чейин бир жыл калганда бекитилет деген элем. Ошол иштер аткарылды.

Бир жыл калганда шайлоого катышам деген партиялар бардыгы эрежелер менен бирдей таанышты.

Биз түзгөн жумушчу топ ошол иштерди аткарды. Жогорку Кеңештен тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Аны коомчулук, баары тең көрүп турду.

Административдик ресурс боюнча айта кетсем.

Ага тоскоол болчу мехнизмдер биздин өлкөдө толук кандуу бар.

Биринчи кезекте — бул шайлоо процессине болгон коомдук көзөмөл.

Мына ушул инструмент — демократиялык, ачык шайлоо өткөрүү үчүн зарыл болгон негизги курал. Бул курал буга чейин да колдонулуп келген. Азыр дагы колдоно башташты. Буюрса, бул куралды байкоочулар, өзүн оппозициямын деп эсептеген саясий күчтөр кеңири колдонушат, колдонуп келген.

Бизде жарандык коом ачык. Аны баарыбыз билебиз.

Шайлоо системасындагы технологиялардын негизинде «бир адам — бир добуш» принциби сакталат. 

Шайлоо системасын таза өткөрүү боюнча алдыңкы технология кирген, ал жакшыртылды. Ошонун негизинде «бир адам — бир добуш» принциби менен өтөт жана бул сакталат. Муну эч ким буза албайт, муну кааласа да, жасайм десе да буза албайт. Ал жерде автоматтык эсептөө, ар бир адам өзү үчүн гана добуш бере тургандай система. Муну бардыгы билет. Аны биз дагы катуу көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтып кеткендей, бардык саясий күчтөр, биздин коомчулук дагы көзөмөлдөйт.

Азыр шайлоочуларда тандоо эркиндиги толугу менен бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын курамында да ар кыл саясий күчтөрдөн өкүлдөр бар. Ар бир саясий партиянын өкүлдөрү бар, Жогорку Кеңеш аркылуу өткөн.

Алардын арасында жарандык коомго ыктаган да өкүлдөр бар.

Мына ушунун баары шайлоо процессине ачык жарандык көзөмөлдү толугу менен камсыз кылат деп ишенем.

Азыр бардык эле партиялар элдин пикири менен эсептешүүгө мажбур. Эмне үчүн дегенде элдин добушу керек. Бул мезгилдин талабы.

Азыр коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондуктан, ушундай ачык коомдо административдик ресурсту жашырып калуу мүмкүн эмес.

Акыркы эки жылда интернет бардык жерге кирди, айылдарга жетти. Эгерде ошондой колдонсо, көргөн-билгендин баарын чыгарып жатышат. Ошол үчүн административдик ресурсту колдонуп, жашырып калуу, дагы кайталайм, биздин коомдо мүмкүн эмес.

Эл баарын көрүп, билип турат. Коомдон, элден эч нерсени жашыра албайбыз. Эл тараза.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө, калк турмушун жакшыртууга багытталган мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү парламенттин болушу — бул баарыбыздын утушубуз болот. Буга баарыбыз тең кызыкдарбыз да.

Ошондуктан, мекендештерибиз шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларды тандагыла деп айтаар элем.

Шайлоонун ачык, таза өтүшүнө мен баш болуп, жалпы коомчулук активдүү катышуусу зарыл.