Жаңылыктар
"Парламентке кайсы партиялар келбесин, иштешүүгө даярмын", - Жээнбеков
Шайлоо 2023
"Парламентке кайсы партиялар келбесин, иштешүүгө даярмын", - Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Алдыда боло турган парламенттик шайлоо боюнча ар кандай талкуулар болууда, мындан ары ар кыл кеп кызыйт эмеспи. Ошондой талкуудагы кептин бири — бийликчил партияларга артыкчылык берилет деген сөздөр да айтыла баштады. Буга кандай комментарий бере аласыз? Өлкө президенти катары сиз, жеңип келген кайсы партия болсо да, иштешем деген элеңиз.

— Мен буга чейин да айткам.

Мамлекеттин алдыга жылуусу, өлкө стабилдүүлүгү үчүн кандай гана партия жеңип келбесин, мен иштешүүгө даярмын.

Жогоруда айттым, шайлоонун мыйзамдуу, ачык, саясий атаандаштыкта өтүүсүнө болгон шартты түздүк, мыйзам алкагында. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди.

Бардык партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

Парламент — элдин тандоосу. Эл кандай адамдарга добуш берсе, ошондой парламент куралат.

Жыл өткөн сайын жарандардын бийликке болгон талабы күчөп жатат.

Азыр жарандык коомубуз күчтүү.

Бийликке болгон көзөмөл абдан күчтүү. Жылдан-жылга күчөп жатат.

Мындай шартта, элдин эркине каршы чыга турган иш-аракеттердин эч кимге кереги жок жана андай аракеттерди эч ким жасабайт деп ойлойм.

Мен өзүмдүн позициямды Жогорку Кеңештин июнь айындагы жыйынында сүйлөгөндө айткам.

Азыр да кайталап коеюн.

Партия — бул жалпы коомдун бир гана бөлүгү болуп саналат.

Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланган Президентмин. Менин таянганым да, ишенгеним да — Кудай, анан элим.

Президент катары кылган ишим үчүн мен ар дайым эл алдында жоопкермин.

Эл талап кылат менден, иш-милдетимди аткарып жатам. Элди кыдырып жүргөндө да менден ошол маселелерди талап кылып жатышат. Элдин талабын билем.

Буга чейин аудиторияга айта элек элем. Азыр кептин кезеги келип турат. Ошол үчүн айта кетейин.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок, ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок да. Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн.

Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Менде мына ушундай ички эркиндик бар.

Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.

Кандай партия келбесин — элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек.

Президент катары, мамлекеттин эгемендигин, бүтүндүгүн, эл биримдигин сактоо — менин негизги милдетим.

Тышкы жана ички саясатта дагы бир топ милдеттерим бар.

Мугалим менен врачтын эмгегин кадырлоо, аларды өлкөдөгү айлык акысы жогору адистердин катарына кошуу, карапайым ишкерлерге шарт түзүү, карыларыбызга, балдарыбызга, муктаж болгон адамдарга кам көрүү, жашоонун бардык тармагында коррупцияны азайтуу. 

Мына менин негизги милдеттерим.

Шайлоодо элге берген убадаларым да ушулар, негизинен.

Ошондон улам акыркы үч жылдан бери Мамлекет башчысы катары жарыялап келаткан саясатым — региондорду өнүктүрүү, өлкөнү туташ санариптештирүү, мына ошол милдеттеримди аткарууга багытталууда.

Президент катары, кийинки келген парламенттин колдоосу мага, мына ушул мамлекеттик багыттарды алдыга жылдыруу, элибиздин жашоосун жакшыртуу боюнча баштаган иштеримди, реформаларды чогуу турмушка ашырууда керек.

Ошондуктан, Президент катары өлкөнү өнүктүрүү үчүн парламентке кандай партиялар келбесин, баары менен иштешүүгө даярмын.