Жаңылыктар
Түркияда кайрадан жардыруу болду
Дүйнө
Түркияда кайрадан жардыруу болду

Түркиянын Диаяр-бакыр провинциясында дагы бир терракт болду.  Жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдагандай жардыруунун кесепетинен 5 адам каза болуп, 22си жарадар болду. Божомолдор боюнча жардыруучу зат полиция имараттынын жанындагы унаада жарылган. Учурда жардыруу болгон жерде иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Жардыруу боюнча жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук уюм моюнуна ала элек. 


 Эскерте кетсек, эки күн мурда эле Стамбулдагы Султан Ахмет мечитинин жанындагы жарылуунун жоопкерчилигин ИГИЛ уюму өз мойнуна алган. Жанкечтинин чабуулунан 10 адам каза тапкан.  Алардын арасында 9 Германия жараны, 15 адам жарадар болгон. Жардыруу боюнча Түркиянын өлкө жетекчилиги билдирүү жасап, анын себепкер теги Сириялык адам болгонун билдирген.