Жаңылыктар
КТРКнын жаңыланган кеңсесинин расмий ачылышы болду
УТРК жаңылыктары
КТРКнын жаңыланган кеңсесинин  расмий ачылышы болду

Бүгүн, Коомдук телерадио корпорациясынын жаңыланган кеңсесинин расмий ачылышы болду. Аталган салтанаттуу ачылышка Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев менен Иса Өмүркулов жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип катышып, жаңыланган кеңсенин ичиндеги иш бөлмөлөрү менен таанышып чыгышты.

1970-жылы курулган имаратка 2015-жылдын башынан бери реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, буга чейин админстративдик корпустун 3-кабатында реконструкция иштери жүргүзүлүп, эски иш бөлмөлөрү заманбап жасалгаланган кеңсеге айланган.

Аталган кеңседен кийин эле, административдик корпустун 2-кабатындагы реконструкция иштери толугу менен бүткөрүлүп, заманбап эмеректер менен жабдылган, ыңгайлуу интерьери менен айырмаланган, баардык шарттары каралган кеңсеге алмашты.