Жаңылыктар
Кыргызстан 158 тоннадан ашык балды экспорттоду - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан 158 тоннадан ашык балды экспорттоду - Кыргызстан жаңылыктары

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан 158 тоннадан ашык балды экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык экспортторлгон балдын жалпы баасы 534 миң доллар же 39,4 миллион сомду түздү. Кыргызстан балды Сауд Арабиясы, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Андорра, Кувейт,Түштүк Корея, Тайвань, Катар, АКШ, Франция, Япония жана башка жалпы 18 өлкөгө сатыкка чыгарган. Ошондой эле 0,1 тонна бал башка “белгисиз” өлкөлөргө кеткен.