Жаңылыктар
Эл аралык онлайн турнирде Кыргызстандыктар бир катар байгелерге ээ болду
Спорт
Эл аралык онлайн турнирде Кыргызстандыктар бир катар байгелерге ээ болду

Кыргызстандык жаш гимнасттар эл аралык онлайн турнирде бир катар байгелерге ээ болду. Тренер Аделина Шаяхметова жана хореограф Александр Брюханов жетектеген жаш гимнасттар көркөм гимнастика боюнча "Zhong Ling Cup - 2020" эл аралык турнирине катышты. Ритмикалык гимнастика федерациясынын маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мелдештер бул жылы онлайн режиминде өттү. Сынакка Кытай, Россия, Корея, Малайзия, Кыргызстан жана Азиянын башка мамлекеттеринин спортчулары катышты. Кыргызстандык чеберлер турнирде эч кандай шаймансыз, дөңгөлөктөр менен топсуз жана аппараттарсыз машыгуу өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында айрымдары биринчи орунду багындырса, кээ бирине бир катар байгелүү сыйлыктар ыйгарылды.