Жаңылыктар
ЖОЖдорго онлайн режиминде кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды
Билим
ЖОЖдорго онлайн режиминде кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды

Кыргызстанда ЖОЖдорго онлайн режиминде кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, документтер 27-августта саат 14:00гө чейин кабыл алынат.

Бөлүм үстүбүздөгү жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу университеттерге кабыл алуу "Абитуриент Online" автоматташтырылган тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгын эскертти.