Жаңылыктар
Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды
Кырсык
Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды

«Mercedes-Benz Sprinter» кичи автобусу менен «Volkswagen Passat» жеңил унаасынын кагылышуусунан 11 адам ар түрдүү деңгээлде жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. 

Жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунунун 30-чакырымында кечки саат бештер чамасында болду. Кагылышуунун натыйжасында 6 адам Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилип, учурда бирөө реанимация бөлүмүнө, үчөө Чүй облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды. 

Дагы бир кичинекей бала Бишкек шаардык балдар ооруканасына жеткирилди. Кичи автобуста ичинде 17 жүргүнчү келаткан. Жеңил унаанын ичинде болсо жети адам отуруп, анын үчөө кичинекей балдар болгон.