Жаңылыктар
Ушул жылдын 2-ноябрында астероид Жерге жакын учуп өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул жылдын 2-ноябрында астероид Жерге жакын учуп өтөт

“2018 VP1” аталышындагы астероид ушул жылдын 2-ноябрында Жерге жакын учуп өтөт. Бул тууралуу НАСА уюмунун сайты жазды. 

Маалыматка ылайык, “2018 VP1” астероиди 2-ноябрда Бишкек убактысы боюнча болжол менен 21:33 Жер планетасынан 284 миң чакырым аралыктан учуп өтөт. НАСА белгилегендей, астероиддин планетанын атмосферасына кирүү ыктымалдуулугу 240дан бир гана мүмкүнчүлүктү же 0,41 пайызды түзөт. 

Бул астероид 2018-жылдын 3-ноябрында ачылган. Ал Жердин орбитасы менен кесилишкен "Аполлондор" тобуна кирет.