Жаңылыктар
Навальный Берлинге канцлердин мейманы катары жеткирилген
Дүйнө
Навальный Берлинге канцлердин мейманы катары жеткирилген

Берлиндеги «Шарите» ооруканасында жаткан Орусиянын оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный Германияга канцлер Ангела Меркелдин мейманы катары жеткирилген. Бул тууралуу ZDF телеканалы Германиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, мындай макам бейтапка полициянын мыкты коргоосу үчүн берилген.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. 22-августта ал Омскидеги ооруканадан Германияга атайын санавиация менен жеткирилген.

Навальныйдын туугандары менен жакындары аны ууландырышкан деп эсептешүүдө. Омскидеги оорукананын дарыгерлери бул версияны четке кагышкан.