Жаңылыктар
81 жаштагы аксакалды ур-токмокко алган окуянын күбөлөрү изделүүдө
Кылмыш
81 жаштагы аксакалды ур-токмокко алган окуянын күбөлөрү изделүүдө

Ош областынын Ички иштер башкармалыгы тарабынан 81 жаштагы жаранды ур-токмокко алган окуяны көрүп, бирок  эч кандай чара көрүшпөгөн адамдар издөөгө алынды.

 Эске сала кетсек, Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы аксакалды сабап кеткени тууралуу видео социалдык баракчаларда кеңири тараган. Окуяга күбө болгондор милицияга билдирген эмес. Ал эми кол көтөргөн жарандын өздүгү такталып, кармалган.