Жаңылыктар
Мугалимдерге онлайн билим берүү боюнча тренингдер башталды
Билим
Мугалимдерге онлайн билим берүү боюнча тренингдер башталды

Кыргызстанда мектеп мугалимдери жана университеттин окутуучулары үчүн онлайн билим берүү боюнча аралык тренингдер башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, вебинарлар "Онлайн университет" менен биргеликте өткөрүлөт. 

Мугалимдерге ар кандай онлайн билим берүү программалары, алардын функциялары жөнүндө айтылат.

 "Ошондой эле катышуучуларга видео сабактарды өз алдынча даярдоо жана жазуу, аларды онлайн ресурстарына жайгаштыруу, онлайн сабактарды жана экзамендерди туура уюштуруу жана сабактарды эсте каларлык жана кызыктуу өткөрүү үчүн презентацияны кантип натыйжалуу өткөрүү керектиги үйрөтүлөт", - деди министрлик.

Тренингдер кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясынан улам, 1-класстын окуучулары салттуу форматта окуй башташат.