Жаңылыктар
Ысык суу маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык суу маселеси

Ордо калаада 150дөн ашык көп кабаттуу үйдүн тургундары ысык суусу жок отурушат. Турак жай коммуналдык чарбасынан билдиргендей, мунун себеби - көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларында карызы көп болгондуктан улам ысык суу берилбей жатат. 

Белгилей кетсек, ысык суу шаардыктарга суу келген түтүктөр оңдолуп бүткөндөн кийин, 9-июнда бериле баштаган. Бишкек жылуулук берүү ишканасы шаардыктар ысык суу менен 3 күндүн ичинде толук камсыз болоорун кабарлаган. Бирок, буга чейин пайдаланган жылуулук үчүн акчасын төлөбөгөн абоненттерге азырынча ысык суу кошулбайт, деп билдирет ишкана. 

Ошондой эле, Бишкек жылуулук берүү ишканасы шаар жашоочуларына суу ченегичтерди орнотуп алууну сунуш кылат. Анализ көрсөткөндөй, суу ченегич орноткон абоненттер акчасын үнөмдөп, сууну сарамжалдуулук менен максаттуу пайдаланат.