Жаңылыктар
Билим берүүнүн 31 кызматкери турак-жайга ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүнүн 31 кызматкери турак-жайга ээ болду

Билим берүүнүн 31 кызматкери "Жеткиликтүү турак-жай" мамлекеттик программасынын алкагында турак жайга ээ болду. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады. Февраль айында ишке кирген программанын максаты - турак жайга жеткиликтүү шарттарды түзүү болчу.

Турак-жайдын көбүнчөсүн Жалал-Абад облусундагы билим берүү кызматкерлери алды. Ал жактан 10 адам, Ысык-Көл облусунан 7 кызматкер, Оштон 5 кызматкер алды. Ал эми Баткен облусунда турак жайга 3 кызматкер ээ болсо, Ош менен Чүй облустары боюнча экиден адам катталган. 

Жеңилдетилген ипотекалык насыяларды бөлүү боюнча биринчи квотага билим берүү кызматкерлери кирген. Бул категорияда дарыгерлер менен социалдык кызматкерлер да бар.