"Таза коом" саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШК билдирди.
Эске сала кетсек, үгүт иштери 4-сентябрда, ал эми шайлоо 4- октябрда өтөт.
11-августтан 18-августка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча "Мекенчил", "Ата Мекен", "Кыргызстандын Жашылдар" партиясы, "Бир бол" мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин партиясы, "Чоң Казат", "Адам-Демократ", "Актив", "Ордо" саясый партияларынын курултайлары болуп өттү.