Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү эс алуу мезгилинде жол коопсуздугун сактоо маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү эс алуу мезгилинде жол коопсуздугун сактоо маанилүү

Ысык-Көл облусуна былтыркы жылы эс алууга каттаган туристтердин сексен үч пайызын Кыргызстандык жарандар түзгөн. Быйыл көлдөгү пансионаттардын, эс алуу жайларынын кырк гана пайызы иштеп жатат. Демек пандемияга байланыштуу ички туризм дагы бир топ аксай түштү. Азыр Ысык-Көлдө эс ала турган мезгилди жыйынтыктоого туура бир жума убакыт бар. Эс алуучулар өзгөчө алтынчы дем алыш күндөрү өтө көп болууда. Мындан улам жол коопсуздук кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Алар жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд уюштурууда.

Жол коопсуздук кызматкерлери ичип алып унааны башкаргандарды, жол эрежелерин бузгандарга карата рейд иштерин күнүгө уюштурууда.
Эс алуучулар арбын, ага жараша автоунаа да көп. Жол коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлердин айтуусунда көпчүлүк айдоочуларга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп жатышат. Эс алуу убагы башталгандан бери сырттан келген алтымыштан ашык айдоочу спирт ичимдигин ичип алып кармалган.

Айрым автоунаалар терезелерин караңгылатып алып кармалууда. Мисалы бул Мерседес унаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатууга уруксааты жок. Айдоочунун айтымында терезе караңгылатып брондолгон. Чечип салууга мүмкүн эмес. Мындайда айып токтотуу жайына жөнөтүлүүгө тийиш.

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 15734 айдоочуга ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн протокол толтурулган. Мунун 314 айдоочусу рулга мас абалында отургандар. Ал эми жыл башынан бери 156 жол кырсыгы катталып, 32 адам каза болсо 242 киши ар кандай жаракат алган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча бул көрсөткүч пандемияга байланыштуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн.

Азыркы учурда жалпы Ысык-Көл облусу боюнча он беш пост күнү-түнү көзөмөл кылууда. Ысык-Көл районунда уюшулган посттордо үч нөөмөттө, калган район шаарларда эки нөөмөттүү көзөмөл жүрүп жатат. Ал эми жалпы туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында беш жүздөн ашык милиция кызматкерлери тартылган. Эске сала кетсек, былтыркы жылы Ысык-Көл облусуна келип эс алып кеткен туристтердин сексен үч пайызын Кыргызстандык жарандар түзгөн. Быйыл пандемияга байланыштуу туристтик каттам бир топ аз. Ошентсе да жалпы көзөмөл күчөтүлгөн тартипте уланып жатат.