Нарын шаарында санитардык талаптарды аткарбаган кафе, ресторандарга айып салынды.
23-августта атайын комиссия рейд өткөрүп, 50 кишиден көп чогулган иш-чараларды өткөргөн коомдук тамактануучу жайларга эрежеге ылайык айып пул салды.
Жыйынтыгында Хан-Теңири рестораны менен Москва чайханасы айыпка жыгылды. Алардын кожоюндарына талаптарды так аткарууга карата эскертүү берилди.