Жаңылыктар
Бишкекте биринчи жолу көчө гимнастикасы боюнча фестиваль өттү - Кыргызстан жаңылыктары
Спорт
Бишкекте биринчи жолу көчө гимнастикасы боюнча фестиваль өттү - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте “Адинай” паркында биринчи жолу көчө гимнастикасы боюнча фестиваль болуп өттү. Мындай маалыматты, Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык Covid-19 пандемиясынан улам , быйыл мелдештер онлайн режимиде болду. Ал эми бул фестивалга Кыргызстандын бардык булуң-булчунан келген 16 жаш спортчу катышты. Алар гимнастикалык чеберчилик жана дене-бойду чыңдоо боюнча мелдешти аралыктан Армения, Украина, Казакстан жана Чилиден “Workout” боюнча спортчулар да катышты. 

“Спортчуларды “Street Workout” боюнча машыктыруучу Багаутдин Талканов, башкы машыктыруучу Эмир Мырзабеков жана машыктыруучу Айсулуу Исаева сынашты ”,- деп билдирди мэрия.