Жаңылыктар
“Новосибирск-Ош” чартердик каттамы менен 152 кыргызстандык мекенге кайтты
Мекендештер
“Новосибирск-Ош” чартердик каттамы менен 152 кыргызстандык мекенге кайтты

“Новосибирск-Ош” багыты боюнча чартердик каттам менен 152 кыргызстандык учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдай, улгайган адамдар кирди. Новосибирск клиникасында операция жасаткан адамдар, депортациялангандар жана Сибирде окуп жаткан студенттер киргизилген. Мындан ары да, чет жерде жүргөн жарандарды мекенге алып келүү иштери уланат дейт, - министр.