Жаңылыктар
Кытайга мектеп окуучулары жайкы эс алууга чакырылды
Билим
Кытайга мектеп окуучулары жайкы эс алууга чакырылды

Кытай Кыргызстандын 200 мектеп окуучусун жайкы эс алууга чакырды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, 1-10-августка чейин Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жана Кытай өкмөтүнүн чакыруусу менен мамлекеттик мектептерде окуган 14жаштан 18 жашка чейинки окуучуларга жайкы лагерь уюштурулат. 

Программа 10 күнгө эсептелген. Кабыл алган тарап бардык чыгымдарды өзүнө алат. Бара турган балдар болгону авиабилет менен медициналык камсыздоону өздөрүнө алышы керек. 

Каалоочулар баланын анкетасын, окуудагы жеткишкендиктерин жана тиешелүү сетрификат, дипломдорун билим берүү министрлигине жөнөтүшү керек. Сурап билүү телефону: (0312) 62-15-37.