Жаңылыктар
Өндүрүш - өнүккөнгө шарт түзөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өндүрүш - өнүккөнгө шарт түзөт

Кызыл-Кыя шаарында 6 айдын жыйынтыгы менен 600 адамга жумуш оруну түзүлдү. Бул көрсөткүч жыл аягына чейин дагы өсөт. Анткени, жаңыдан гана ишин баштаган өндүрүш ишканалары жумуш орундарын кеңейтүүнүн аракетин көрүшүүдө. Бул ишканалардын катарында Кызыл-Кыя шифер заводу да бар. Заводдун басымдуу кызматкерлерин жергиликтүүлөр түзөт. 

Учкунбек Жумабаев 20 жылдан бери Орусияда эмгек мигранты болуп келген. Өзү жашаган аймакта жумушсуздук, эмгек маянанын аздыгы бөтөн жерде жашап иштегенге аргасыз кылган. Шифер заводунун ишке кириши менен жумушка орношуп, жашоосу бир жактуу болгонуна сүйүнөт. 

Кызыл-Кыя шифер заводунда 120 жумуш орду түзүлүп, аймактагы миграция агымын азайтуу, жумушсуздуктун санын кыскартуу максатында кызматкерлердин басымдуусун жергиликтүү эл түзөт. Жарым жыл ичинде Кызыл-Кыя шаары боюнча 600 адам жумуш оруну менен камсыз болот. Жыл аягына чейин жумушсуздардын саны дагы кыскарат.

Мындан сырткары шифер заводу шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө да кошкон салымы чоң. Ошол эле учурда калкты арзан курулуш материалы менен камсыздоого да багыт алууда. Анткени, Чүйдөгү Кант шаарынан шиферди ташып келүүдө жол чыгымдары кошулуп, баасы кымбат болуп келген.

Кызыл-Кыя шаары союз учурунда өнөр жайлуу шаарлардын катарында болгондуктан ишкананын жанданып иштеп кетишине мүмкүнчүлүк жогору. Учурда шифердин 8 толкундуу гана түрү чыгарылууда. Бара-бара өндүрүштүн башка түрлөрү да көбөйөт.

Эскерте кетсек Кызыл-Кыя шифер заводунун курулушу өткөн жылы башталган. Аз убакытта ишке берилип, жалпысынан 350 млн сом инвестиция жумшалган.