Жаңылыктар
Көк-Жаңгак шаарындагы медициналык тейлөө борборун оңдоо иштери аяктап калды
Аймак
Көк-Жаңгак шаарындагы медициналык тейлөө борборун оңдоо иштери аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу медициналык тейлөө борборун капиталдык оңдоо жумуштары 80 пайызга аяктады. Бүгүнкү күндө 100 пайыз демонтаждоо жана жасалгалоо жумуштары, 2-3 кабатынтагы терезелердин орнотуусу аяктады. Ошондой эле, электр монтаж иштери - 80 пайыз, сантехника иштери - 70 пайыз жана полдорун линолеум менен жабуусу - 55 пайызга аткарылган. Объектиге 16 жумушчу  тартылган.

Белгилей кетсек, подряддык уюмдун эсеп - чотуна 2 млн сом каражаты каржыланган, анын ичинен республикалык бюджеттен 5 млн сом, ал эми “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан 1,5 млн сом берилген.