Жаңылыктар
"Кыргызстан" партиясы талкууга жем таштады. Шайлоого каттоо аяктады
Шайлоо 2023
"Кыргызстан" партиясы талкууга жем таштады.  Шайлоого каттоо аяктады

БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова менен "Бир Бол", "Реформа", "Ата Мекен", "Чоң Казат", "Мекеним Кыргызстан" партияларынын өкүлдөрү жана активисттер менен жолугушуусу 25-августта түнкү саат 2де аяктады.

Тараптар “Кыргызстан” партиясынын өкүлү документтерди кайсы убакта алып келгенин билүү үчүн видеотасмаларды  көрсөтүүнү талап кылышты.

Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, ал документтерди саат 18:02де алып келген. БШК муну камеранын убактысы туура эмес өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Видеотасмада жана БШК кызматкеринин маалыматына караганда, документтер партиянын өкүлү Эльвира Абельдиева тарабынан эмес, башка жаран тапшырган.

Жолугушуудан кийин нааразы болгондор тарай башташты. Активист Улан Үсөйүн партиянын өкүлдөрүн БШКга чогулуп, 24-августта саат 18:00гө чейин документтерин тапшыра албай калган партияларды жарыштан чыгарууну талап кылды.