Жаңылыктар
БШКда шайлоого ат салышкан партиялар тизмелерин убагында өткөргөнгө жетишпей калды
Шайлоо 2023
БШКда шайлоого ат салышкан партиялар тизмелерин убагында өткөргөнгө жетишпей калды

Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялар тизмелерин убагында өткөргөнгө жетишпей калды. Жарандык активисттер алардын тизме алып келген так убактысын көрсөтүүнү талап кылышты. 

Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү. Анда тизме тапшырылган убакыт кол менен оңдолуп, саат 17.59 деп жазылган. Боршайкомдун мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты. 

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотту. Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди. 

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, андан соң бир айлык үгүт башталат.