Жаңылыктар
Канат Исаев: "Жүз миңдеген шайлоочулары бар партияны, шайлоодон четтетүү аракетине жол бербейбиз"
Шайлоо 2023
Канат Исаев: "Жүз миңдеген шайлоочулары бар партияны, шайлоодон четтетүү аракетине жол бербейбиз"

Бүгүн, 25-августта "Кыргызстан” партиясынын БШКга документтерди каттоодогу талаш жараткан жагдайга байланыштуу маалымат жыйыны болуп өттү.

Аталган саясий партиянын лидери Канат Исаевдин берген маалыматы боюнча, БШКга документтер өз убагында жеткирилген. Аны ишеним каты бар Аманкул аттуу партиянын өкүлү тапшырып келген. Өкүл штабдан саат 17:40та БШКга чыгып кеткен.

"Эгерде БШК бизге ыңгайсыздык жарата турган чечим чыгара турган болсо, биз сөзсүз түрдө  юридикалык жол менен тууралаганга аракет кылабыз. Айрым саясий партиялардын жеке кызыкчылыктарын көздөп, жүз миңдеген шайлоочулары бар партияны шайлоодон четтетүү аракетине жол бербейбиз",- Канат Исаев