Жаңылыктар
Ош шаары боюнча пандемия шартында убактылуу иштеген 15 стационар жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаары боюнча пандемия шартында убактылуу иштеген 15 стационар жабылды

Ош шаарында дагы бир стационар жабылды. Кулатов кичи шаарчасындагы убактылуу дарылоочу жайдын жабылышы салтанат менен коштолуп, медицина кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин атайын сыйлыктары менен сыйланды. 

Шаар боюнча пандемия башталгандан тартып убактылуу иштеп жаткан 15 стационар жабылды. Учурда бир изолятор, эки обсервация иштеп жатат. Калаада жугуштуу ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2 миң 100дөн ашты. Учурда 32 бейтап ооруканада дарыланууда. 

Санитардык-гигиенаны сактоо талабы күчүндө. Адистер, коргоочу медициналык каражаттарды такай колдонуу менен эл көп топтолгон жайлардан оолак болууга чакырат. Ал эми Ош шаардык клиникалык ооруканасы 24-августтан тартып, пландуу дарылануучуларды кабыл ала баштады.