Жаңылыктар
Нарын облусунда 1-класстын окуучуларына беткаптар акысыз берилет
Аймак
Нарын облусунда 1-класстын окуучуларына беткаптар акысыз берилет

Нарын облусунда быйылкы жаңы окуу жылында 6 миң бала 1-класска барат. Алардын барына беткаптар акысыз берилерин республикалык штабдан маалымдашты. 

1-класстын окуучулары бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки нукта мектептерде билим алышат. Окуучуларды сапапттуу бет кап менен камсыздоо максатында Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка окуучуларга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталган беткаптар тигилүүдө. 

Бегилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги пандемия учурунда окуу жайларында окуу процессин уюштуруу боюнча атайын нускама иштеп чыккан.