Талапкерлердин тизмесин тапшырган партияларга Борбордук шайлоо комиссиясы 48 саат кошумча убакыт берди.
Бул аралыкта саясий партиялар өз тизмегиндеги техникалык катачылыктарды оңдоп жетишиши керек. 24 сааттын ичинде БШК документти карап чыгып, анда паспорттун көчүрмөсү банктын кагазы же дагы башка майда документтери жок болсо, аны толуктоого 48 саат убакыт берет. Он күн аралыгында БШК келген документтерди карап чыгат. 4-сентябрга чейин талапкерлерди каттоо аяктайт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.